Караколдун мэри балдардын кыялын угуп, жашоосу менен таанышты (видео)
Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Гүлира Орозбаева түптөгөн 13 бала тарбияланып жаткан фостердик үй-бүлөгө барды. Калаа башчысы ал үй-бүлөгө кир жуугуч машина белек кылды.
Мэрдин 10 жаштагы Нурэл менен болгон жолугушуусу жылуу маанай жаратты. Ал өзүнүн футболчу болуу кыялы менен бөлүштү. Мэр аны менен футбол ойноп, кыялын ишке ашырууга жардам берерин убада кылды.
Иш-чаранын аягында Талантбек Иманов балдарды майрамы менен куттуктап, аларга ден соолук, бактылуу балалык жана ийгиликтерди каалады.
Караколдо мэр балдардын кыялын угуп, жашоосу менен таанышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















