ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 1-июндан 7-июнга чейин
КОЙ
(21.03–20.04)
Июнь айы кой жылдызындагылар үчүн активдүү башталат. Жумушта жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат, тобокелчиликтен коркпой жаңы багытка кадам таштай бериңиз. Романтикалык жашооңузга көңүл бөлүүгө убактыңыз жетпей же болбосо каалооңуз өчүп калгандай сезим жаралышы мүмкүн. Каржы тармагында техника сатып алышыңыз мүмкүн. Анан да туугандар тараптан каржы булагы толукталышы ыктымал. Апта соңу жаңы нерсе жасап көргөнгө аракет кылыңыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү психологиялык маселелерди чечүү менен алек болушуңуз мүмкүн, өзүңүздүн же тааныштардын. Мындай жагдайда жумшак жана түшүнүктүү болууга аракет кылуу керек. Апта ортосунда жумушта ийгиликтер күтөт, жетекчилик тараптан сый акы алышыңыз мүмкүн. Балдары барлар алардын керектөөлөрүн толуктоо максатында базарга баш багышат. Күн нурунда көпкө жүрбөңүз, бет терисинде көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Дем алыш позитивдүү маанайда өтөт.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Уюштуруучулук жөндөмүңүздү ишке киргизесиз, үй-бүлөлүк мааракени башкаруу чылбыры колуңузга тиет. Адамдарды чогултуу, сүйлөшүү, башкаруу иштери убактыңызды жана энергияңызды алат. Бул аптада финансыга байланыштуу маанилүү чечим кабыл албай турган оң. Жүрөгү бош эгиздерге көптөгөн эмоция, сезимдерди тартуулаган таанышуу орун алышы күтүлөт. Дем алыш күндөрү толук кандуу уйку, таза абада сейилдөө, жакшы тамактануу энергиялык балансыңызды толуктайт.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Ички дүйнөңүзгө үңүлүп, эмне жетпей, эмне ашыкча болуп жатканын анализдөөгө болот. Кандай таарыныч болбосун коё берүүңүз, кечирүүңүз керек, жеңилдеп каласыз. Жакын адамыңыздын тоюна чакыруу алып, жаңы кийим алуу сыяктуу жагымдуу маселелер тууралуу ойлонууга туура келет. Бойдокторго шашылыш түрдө жаңы мамиле куруу сунушталбайт, андан көрө мурун кандай ката кетиргениңизди ойлонуп, келечекте аны кайталабоого аракет кылыңыз. Дем алыштагы пландарыңызга өзгөрүү кирбейт.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Айрым достор менен мамилелер чыңалып, достукту сыноо мезгили болушу ыктымал. Бул жагдайда башка достордун эки тарапка бөлүнүүсүн, өзгөчө сиз тарапта ким болорун байкай аласыз. Жумушта кесиптештер менен бирге чоң иш бүтүрүп, натыйжасын финансылык пайда менен көрүшүңүз күтүлөт. Ден соолук жаатында тынчыңызды алган олуттуу маселе жаралбайт. Апта соңу алыстагы ата-энеге же туугандарга жардам берүү максатында жолго чыгууңуз ыктымал.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бул аптада көптөн бери алектенип келген бир ишти бүтүрүп, жаңысына багыт алышыңыз мүмкүн. Жетекчиликке айлыкты көтөрүү боюнча суроолор менен июнь айынын экинчи жарымында кирүү сунушталат, азыр убактысы келе элек. Бойдокторго эски мамилеге байланбай, жаңы мамиле курууга аракет кылуу керектигин айтышат жылдыздар. Нерв системине байланыштуу оорулар тынчыңызды алышы мүмкүн. Дем алыш күндөрүн ойдогудай өткөрүп, энергия топтой аласыз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Мурунку көз караштардын эскиргенин, айрымдарына өзгөрүү киргизүү керектигин байкайсыз. Юридикалык жоопкерчилик тартууга алып келчү иштерди алдын ала бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Өзгөчө документ иштеринде так болуу сунушталат. Сүйүү мамилесинде түгөйүңүз менен келечек пландарды, максаттарды биргеликте түзүп, сүйлөшүүгө сонун убакыт. Сапарга чыгуу планыңыз бар, бирок аны ишке ашырууга финансы тармагы жол бербеши ыктымал. Буюрса, баары алдыда, көп кайгырбаңыз.
Уландысы шилтемеде.
0


Супер-Инфо
super.kg видео

















