super.kg logo

Ташиев баш болгон мурдагы аткаминерлер сотко барышты

 

Бүгүн, 1-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин каты" делген иш каралууда.

Жергиликтүү маалымат каражаттары сот имаратына УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев келишкенин жазышты. Ошондой эле "75 адамдын каты" боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Аалы Карашев, Эмилбек Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев сотко жеркирилген.

Бул иш боюнча соттук отурумдар жабык болот. Анткени ИИМ аталган ишке "жашыруун" деген гриф койгон.

Эске салсак, 18-майда Камчыбек Ташиев жана анын тарапташтарынын иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда соттук угуу болгон. Ага УКМКнын мурдагы төрагасы келген эмес. 28-майда болгон отурумга Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нарланбек Тургунбек уулу катышкан.

9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. 11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмилбек Узакбаев жана Бекболот Талгарбеков кармалышкан. Кармалган 5 адам "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыпталууда.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: