Адилет Орозбеков ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту
Бүгүн, 1-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапаны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда репатрианттарды реабилитациялоо жана кайра социалдаштыруу маселелери, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчылыгы, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгы жана ЮНИСЕФ тарабынан уюштурулуп жаткан Аймактык эксперттик кеңештин алдыдагы жыйыны талкууланды.
Адилет Орозбеков белгилегендей, бул жыйын балдарды реабилитациялоо жана коомго кайра интеграциялоо жаатында тажрыйба алмашуу үчүн мамлекеттик органдар менен эл аралык уюмдардын кызматташуусуна маанилүү мүмкүнчүлүк түзөт.
Ал ошондой эле тиешелүү мамлекеттик мекемелер кайтарылып келген балдардын коомго ийгиликтүү ыңгайлашуусу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө аракет кылып жатканын баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы балдарды колдоо жана гуманитардык маселелерди чечүүдөгү салымын жогору баалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















