super.kg logo

Бишкекте мыйзамсыз курулган балкондорду бузуу иштери жүрүүдө

 
Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз курулган балкондорду бузуу иштери улантылууда.
Мэрия билдиргендей, бузулуучу объекттер тиешелүү кызматтар тарабынан көчмө текшерүүлөр жүргүзүлгөн соң аныкталган.
Белгиленген талаптарды бузуу менен курулган объекттердин ээлерине мыйзамда каралган тартипте тиешелүү эскертмелер жана көрсөтмөлөр тапшырылган.
Айрым учурларда батир ээлери жашаган жеринде жок болгондуктан бузуу иштери убактылуу жылдырылган. Анткени алардын катышуусусуз иш жүргүзүү мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу айрым балкондор азырынча алынбай турат.
"Ошол эле учурда мурда тиешелүү көрсөтмөлөр берилген бардык мыйзамсыз курулган балкондор милдеттүү түрдө бузулат. Иштер эч кандай тандоосуз, белгиленген тартипте жана колдонуудагы мыйзамдардын негизинде жүргүзүлүүдө",- деп түшүндүрдү мэрия.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: