super.kg logo

Конгодо эбола вирусун жуктуруп алган медкызматкерлердин санын айтылды

 

Конго өлкөсүндө эбола вирусун жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 16ны түздү. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында айтылат.

Учурда төрт медицина кызматкери илдеттен толук айыгып, ооруканадан чыгарылды.

"Жекшемби күнү алынган маалыматтарга караганда, өлкөдө вирус жуктуруп алган жалпы 210 учур катталган. Алардын ичинен 17 жаран каза тапты. Дагы 350 учур текшерүү процессинде",- деп айтылат анда.

Маалымат үчүн: Эбола - өтө кооптуу вирустук инфекция болуп эсептелет. Бул вирус биринчи жолу 1976-жылы Африкада, Конго Демократиялык Республикасында жана Судан аймактарында катталган. Оорунун табигый булагы катары жарганаттар, маймылдар эсептелет. Вирус аталган жаныбарлар аркылуу адамга жугушу мүмкүн. Ал эми адамдан адамга кан, дене суюктуктары же булганган буюмдар аркылуу өтөт. Ошондуктан оорулуу адамга жакын байланышта болуу эң чоң коркунуч жаратат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: