Трамп: "Ормуз кысыгы боюнча меморандум кийинки жумада макулдашылышы мүмкүн"
Ормуз кысыгын ачуу боюнча меморандум кийинки жумада макулдашылышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп ABC News телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Иран менен сүйлөшүүлөр учурунда бир аз түшүнбөстүк болгон, бирок ал маселе чечилген. Ошондой эле Иран Израилдин Ливандагы аракеттерине нааразы болуп, сүйлөшүүлөрдө чыңалуу жаралган. Бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин Израил менен "Хезболла" бири-бирине кол салбоо боюнча макулдашууга келген.
АКШ президенти тынчтык келишими согушка караганда жакшыраак экенин белгилеп, Ормуз кысыгы боюнча документ жакын арада бүтүшү мүмкүн экенин кошумчалады.
Ошол эле учурда ал Иран менен келишимдин айрым шарттары боюнча дагы эле толук макулдашуу жок экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:31
2026-06-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















