Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапары менен Баткенге барды
Бүгүн, 2-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барып, алгач Лейлек районундагы бир катар объекттерге баш бакты.
Президенттик администрациядан билдиргендей, алгач өкмөт башчысы райондогу жалпы дарыгердик практика борборунун абалы менен таанышты. Маалым болгондой 2025-жылы терапия бөлүмү авариялык абалга келгендиги үчүн бөлүм жабылып, негизги имараттын экинчи кабатына көчүрүлгөн. Ошондуктан дарыгерлер неврология жана терапия бөлүмү үчүн өзүнчө имарат куруу зарылчыгын айтышты. Касымалиев аталган маселени чечүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуштарды иштеп чыгууга тапшырма берди.
Андан соң Касымалиев Кулунду айыл аймагынын Булак-Башы айылындагы “Мега Газоблок КейДжи” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Немис технологиясы менен автоклав газоблокторун чыгаруучу завод, экологиялык таза курулуш материалын чыгарууда. Завод күнүнө 1200 куб метрге чейин сапаттуу автоклавдык газоблок чыгара алат. Бул өндүрүштүн ачылуусу, чек арадагы айыл үчүн экономикалык жактан өсүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
Төрага Раззаков жана Максат айылдарынын курулушу менен да таанышып чыкты. Турукташтыруу фондунан жаңы конушту ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын монтаждоо үчүн 39 миллион сом, ал эми Максат айылына 15 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, учурда ичүүчү таза суу жана канализация системасы пайдаланууга берилди.
Мындан тышкары Раззаков айылына 2,4 чакырым жолго асфальт төшөө иштери толук аяктап, бүгүнкү күндө кошумча латок жана бардюрлар коюлууда. Ал эми Максат айылында 1 чакырым 120 метр асфальт төшөө иштери бүткөн.
Ошондой эле Касымалиев башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында аталган айылдарга көчүп келген жарандар үчүн бардык шарттарды түзүү зарылчылыгын белгилеп, социалдык обьектиелерди өз убагында сапаттуу бүткөрүүнү тапшырмасы берилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















