Айтматов районундагы мектептин курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду
Талас облусунун Айтматов районундагы Айтбаев атындагы орто мектептин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 2-июнда Башкы прокуратурадан билдиришти.Маалымдалгандай, жооптуу кызмат адамдары аткарылбаган курулуш иштерин мыйзамсыз түрдө кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен. Натыйжада подряддык уюмга негизсиз түрдө 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражат төлөнүп берилген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















