Кыргызстандык адистер Кытайдын курулуш тармагындагы алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүштү
27-30-май күндөрү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин кызматкерлери Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясына жумушчу сапар менен барышты. Бул тууралуу аталган мекемден билдиришти.
Иш сапардын алкагында делегация Цзинань шаардык долбоорлоо-конструктордук институтунун, Jinan Urban Construction Group Co., Ltd. компаниясынын жетекчилери жана адистери, ошондой эле атайын техникаларды өндүрүүчү алдыңкы ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Сапардын негизги максаты инженердик изилдөөлөр, долбоорлоо, курулуш жана заманбап технологияларды киргизүү багыттарында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле кытайлык өнөктөштөрдүн алдыңкы тажрыйбасын өздөштүрүү болду.
Мындан тышкары кыргызстандык адистер атайын техникаларды чыгарган ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, Цзинань шаарындагы бир катар инфраструктуралык объекттерди көрүп чыгышты. Аларга шаардык чөйрөнү өнүктүрүү, инженердик инфраструктураларды куруу жана курулуш долбоорлорун башкаруунун заманбап ыкмалары көрсөтүлдү.
Иш сапардын жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана эки өлкөнүн адистеринин ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүү боюнча макулдашууга жетишти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















