super.kg logo

Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү маселелери талкууланды

 

Бүгүн, 2-июнда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу маселелерине арналган жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана тармактын адистери катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, талкуунун жүрүшүндө органикалык продукцияны тастыктоо системасындагы тоскоолдуктар, айрыкча аккредитациялоо процессинде жаралып жаткан көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору сунушталды. Ошондой эле айыл чарба лабораторияларынын учурдагы абалына мониторинг жүргүзүү жана заманбап талаптарга жооп берген лабораторияларды түзүү маселеси каралды.

Мындан сырткары дыйкандарды кооперативдерге бириктирүү, органикалык аймактарды өнүктүргөн чарбаларды каржылык жактан колдоо жана күрөөсүз насыя берүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө тоскоол болуп жаткан мыйзамдык жана институционалдык маселелерди чечүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: