super.kg logo

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн унаа токтотуучу жайларына талап күчөтүлдү

 

Бүгүн, 2-июнда курулуш министри Нурдан Орунтаев курулуш компаниялары жана долбоорлоочу уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, Бишкектеги көп кабаттуу турак жайларды унаа токтотуучу жайлар менен камсыздоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр борбор калаадагы унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги шаардагы транспорттук абалга терс таасир тийгизип жатканын белгилеп, мындан ары ар бир курулуш объектиси өзүнчө көзөмөлдөнөрүн билдирди. Анын айтымында, унаа токтотуучу жайлар документте гана эмес, иш жүзүндө да толук камсыздалышы керек.

Министрликтин жумушчу комиссиясы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында айрым курулуш объекттеринде долбоордо көрсөтүлгөн эки деңгээлдүү жана ротордук унаа токтотуучу жайлар иш жүзүндө жок экени аныкталган.

Мониторингдин негизинде 28 курулуш объектисинин долбоордук документтери кайра каралып, мурда берилген макулдашуулар жокко чыгарылды. Себеби бул объекттерде жалпы 3519 унаа токтотуучу жай каралышы керек болсо, долбоорлордо болгону 2532 орун гана көрсөтүлгөн.

Курулуш министрлиги унаа токтотуучу жайларга байланыштуу талаптардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алып, мыйзам бузуу фактылары аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: