4-июндан 6-июнга чейин Бишкектин айрым көчөлөрүндө жол кыймылына чектөө киргизилет
4-июндан 6-июнга чейин Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө убактылуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу 2-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү өлкөдө Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өтөт. Иш-чара мамлекеттик деңгээлде чет өлкөлүк делегациялардын катышуусунда өткөрүлөт.
Чектөөлөр төмөнкү маршруттар боюнча каралган:
- Фучик көчөсүнөн Васильевский трактына чейин ("Манас" эл аралык аэропортунун жолу);
- Чүй проспектинен Манас проспектине чейин;
- Манас проспектинен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин;
- Байтик Баатыр көчөсү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















