Аманкан Кенжебаев Орусия жана БУУнун өкүлдөрү менен жолугушту
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Орусия ТИМинин Эл аралык уюмдар департаментинин директорунун орун басары Григорий Устинов жетектеген делегация жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёва менен жолугушту.3-июнда өткөн жолугушууда 3 негизги багыт талкууланды:
- Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү.
- Орусия каржылаган БУУ долбоорлорунун жыйынтыктары – чакан бизнес, экспорт, кол өнөрчүлүк, туризм, жаштар демилгеси.
- Келечектеги кызматташтыктын артыкчылыктары – өнөр жай, инвестиция, жаңы жумуш орундары, айыл чарба, инфраструктура, туризм.
Кенжебаев Орусияны Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү деп белгилеп, аталган өлкө аймактын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө маанилүү роль ойной турганын айтты. Тараптар Ош облусунун туруктуу өнүгүүсү үчүн өнөктөштүктү тереңдетүүнү макулдашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















