Манас шаарында "Демилге" жаштар борбору ачылды
Бүгүн, 4-июнда Манас шаарында "Демилге" жаштар борбору ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жай шаар мэриясынын демилгеси, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен ишке ашырылган. Мэрия борбор үчүн имарат бөлүп берип, аны эмерек менен камсыздоо үчүн 11 миң доллар бөлгөн. Ал эми Орусия тарабынан каржыланган инвестициянын көлөмү 122 623 долларды түзгөн.
Жаштар борбору заманбап талаптарга ылайык жабдылып, билим берүү курстарын, ишкердик боюнча тренингдерди, маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:41
2026-06-14
17:15
2026-06-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















