ТИМ Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты
Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдүн аймактарына карата кайрадан жанданган аскердик соккулар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө айтылат.
"Кыргыз өлкөсү жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталган сүйлөшүү процессине доо кетириши мүмкүн болгон ар кандай аскердик аракеттерди айыптайт.
Тараптарды эң жогорку деңгээлде сабырдуулук көрсөтүүгө, кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келиши мүмкүн болгон кадамдардан карманууга, ок атышууну токтотуу режимин сактоого, эл аралык укуктун жана БУУнун Уставынын ченемдерин, айрыкча жаңжалдын тарабы болуп саналбаган Булуң өлкөлөрүнө карата так сактоого, ошондой эле жаңжалды аскердик эмес, дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуу боюнча аракеттерди улантууга чакырат",- деп жазылат анда.
Белгилей кетсек, бүгүн Иран менен АКШ Ормуздун аймагында бири-бирине сокку жасашканы кабарлаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















