super.kg logo

Спорт тармагын жетектөөгө ашыккан саясатчылар жана жылдыз айым

 

Жыл башталганы спорт тармагын башкарууга, өнүктүрүүгө мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар жана маданият өкүлдөрү жигердүү белсеништи.

Керек болсо бул тизменин сап башында өкмөт башчы өзү да бар. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 12-майда Кыргыз футбол бримдигинин президенти болуп шайланды. Өкмөт башчы бул чоң жоопкерчилик экенин айтып, кыргыз футболунун деңгээлин көтөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.

Ал эми Касымалиевдин орун басары болуп Жогорку Кеңештин вице-спикери Жылдыз Таалайбек кызы бир ай мурун эле дайындалган. Тагыраагы, ал КФБнын вице-президенти. Аталган бримдиктин Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө Өмүрбек Бабанов менен Аскар Салымбеков да бекитилди. КФБдагы өзгөрүү Камчыбек Ташиев кызматынан кеткенден кийин орун алды. Ташиев уюмду 2024-жылдан бери жетектеп келген эле.

17-апрелде УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков Кыргызстандын аралаш күжүрмөн күрөш (ММА) ассоциациясынын президенти болуп шайланды. Ал бир айдан кийин Валентина Шевченко, Мыктыбек Оролбай, Бусурманкул Абдибаит уулу, Ражабали Шайдуллаев баштаган бир катар спортчулар менен жолугушуу өткөрдү.

Июнда салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандагы Кесиптик бокс лигасынын ардактуу президенти болуп дайындалды. Майдын 24үндө мурдагы баш прокурор Аида Салянова Кыргыз шахмат союзунун президенти болуп шайланды. Бир апта өтүп ал президент Садыр Жапаровго таарынычтарды эстебестен аны колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

"Бир кезде, мен башкы прокурор болуп иштеп турганда өлкөнүн азыркы президенти кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Жылдар өттү. Менин оюмда бүгүн кайсы бир кызматка барсам дагы Садыр Нургожоевич буга каршы болот деп ойлогом",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

Ырчы Анжелика Кайратованын Улуттук алыш федерациясынын вице-президенти болуп дайындалганы коомчулукта талкуу жаратты. Ал бул кызматка апрель айында бекитилди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: