super.kg logo

Бишкекте Дүйнөлүк эртең мененки тамак күнүнө арналган жолугушуу өткөрүлдү 

 

Бүгүн, 3-июнда Түркиянын Бишкектеги элчилигинин Маданият жана таанытуу кеңешчилигинин демилгеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Дүйнөлүк эртең мененки тамак күнүнө арналган атайын жолугушуу уюштурулду.

Дүйнөлүк эртең мененки тамак күнү 2014-жылы Түркиянын Ван шаарында 51 793 адамдын катышуусунда уюштурулган жана Гиннестин рекорддор китебине "Дүйнөдөгү эң чоң эртең мененки тамак дасторкону" катары кирген иш-чарадан кийин негизделген. Бул демилгенин негизги максаты - эртең мененки тамактын адамдын ден соолугу үчүн маанисин жана анын маданий баалуулугун дүйнө жүзүнө таанытуу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө түрк эртең мененки тамагы дүйнөдөгү эң бай жана ар түрдүү эртең мененки тамак маданияттарынын бири катары белгилүү. Анын курамына сырдын түрлөрү, зайтун, жумуртка, бал, каймак, кыям, жашылчалар, түрк чайы, симит жана башка көптөгөн азыктар кирет. Түрк эртең мененки тамагы жөн гана тамактануу эмес, үй-бүлө мүчөлөрүн жана досторду бир дасторкондун айланасына чогулткан өзгөчө маданий салт катары бааланат.

Иш-чара Түрк ашканасынын жумалыгынан кийин дароо өткөрүлүп, катышуучуларга түрк гастрономиясынын бай мурасы жана дүйнөгө таанылган даамдары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле түрк ашканасынын көп кылымдык салттары, аймактык өзгөчөлүктөрү жана анын эл аралык деңгээлдеги орду тууралуу кеңири маалымат сунушталды.

Жолугушууга Түрк тасмаларынын жумалыгынын алкагында Кыргызстанга келген белгилүү актёрлор, режиссёрлор, сценаристтер жана продюсерлер катышты. Алардын катарында "Жергиликтүү ой-пикир" коомдук бирикмесинин (“Yerli Düşünce” Derneği) төрагасы жана Түркия парламентинин мурдагы депутаты Метин Гүндогду, Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Кинематография башкармалыгынын башкы директору Бирол Гүвен жана түрк кино дүйнөсүнүн белгилүү өкүлдөрү болду. Иш-чарага көптөгөн коноктор жана медиа өкүлдөрү катышып, достук маанайда пикир алышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Түрк тасмаларынын жумалыгы 3-6-июнь күндөрү Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрында өткөрүлөт. Программанын алкагында түрк тасмалары көрүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт. Расмий ачылыш жана гала кечеси 3-июнь күнү саат 18:30да "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: