“Ты супер! Кыргызстан”: өлкө боюнча миңдеген балдардын арасынан 40 финалист тандалды
«Ты супер! Кыргызстан» долбоорунун командасы Кыргызстан боюнча миңдеген чакырым жол басып, Каракол, Нарын, Талас, Баткен, Манас, Ош жана Бишкек шаарларында кастинг өткөрдү.
Жалпысынан 1500гө жакын арыз келип түштү. Кесипкөй калыстар тобу алардын ичинен 700дөн ашуун баланы тандап, угуп чыкты.
Кастингден өткөн 40 катышуучу «Ты супер! Кыргызстан» шоусунда күч сынашат.
Кыргызстандык жана россиялык эстрада жылдыздарынын катышуусундагы долбоордун бет ачары ушул күздө «Номад ТВ» телеканалында көрсөтүлөт.
«Ты супер! Кыргызстан» — үнү угулбай жүргөн таланттуу балдар үчүн вокалдык сынак.
Долбоордун жаңылыктарын «Номад ТВ» телеканалынын эфиринен, сайтынан жана «Ты супер! Кыргызстан» шоусунун социалдык тармактагы баракчаларынан көрө аласыздар.
https://www.instagram.com/tysuperkyrgyzstan.kg
https://super.nomadtv.kg/
«Ты супер! Кыргызстан»
0

Супер-Инфо
super.kg видео















