super.kg logo

Ош: Сапатсыз салынган бетон арыктар кайра курулат

 

Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы Юбилейный кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн аймагында орнотулган бетон арыктар сапатсыз жасалып, долбоордук талаптарга ылайык келбегени аныкталды.

Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү аймактагы курулуш иштерине келген видео-билдирүүнүн негизинде жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында бетон арыктар туура эмес орнотулуп, долбоордон четтөө менен салынганы белгилүү болгон.

Натыйжада ишти аткарган “Данэмир Курулуш” ЖЧКсына айып пул салынып, сапатсыз курулган бетон арыктарды толугу менен кайра оңдоп-куруу талабы коюлду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш нормаларын бузууга жол берилбей турганын эскертип, бардык подряддык уюмдарды белгиленген талаптарды так сактоого чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: