Адылбек Касымалиев Баткендеги ири ирригациялык жана энергетикалык долбоорлордун жүрүшүн текшерди
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Бүргөндү магистралдык каналынын реконструкциясы жана «Охна» чакан ГЭСинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, МинКаб башчысы алгач Кадамжай районундагы Бүргөндү магистралдык каналына барып, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн көрдү. Долбоордун негизинде башкы суу алуучу курулманын жана каналдын баштапкы бөлүгүнүн өткөрүү мүмкүнчүлүгү секундасына 18 куб метрден 30 куб метрге чейин көбөйтүлөт. Ири көлөмдөгү иштер үч лотко бөлүнүп ишке ашырылууда.
Андан соң Адылбек Касымалиев Орозбеков айыл аймагында курулуп жаткан «Охна» чакан ГЭСине барды. Долбоордун жалпы баасы 30 миллион АКШ долларын түзүп, станциянын кубаттуулугу 22 мегаватт болот.
Сапардын жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүүнү жооптуу тараптарга тапшырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















