"75чилердин каты": Жунусов менен Өмүркулов күбө катары сотко барышты
Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин каты" делген ишти кароо үчүн отурум башталды.
Маалымат каражаттарынын жазгандарына караганда, бул ишке күбө катары экс-депутат, Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов менен ырчы, өлкөнүн Өзбекстандагы мурдагы элчиси, экс-депутат Ибрагим Жунусов сотко барышкан. Жунусов журналисттерге президенттик шайлоону быйыл өткөрүү демилгесине кол койгонун ырастаган.
Аталган соттук отурумга айыпталуучулар УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Аалы Карашев, Эмилбек Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев катышууда.
Бул иш боюнча соттук отурумдар жабык болот. Анткени ИИМ аталган ишке "жашыруун" деген гриф койгон.
Эске салсак, 18-майда Камчыбек Ташиев жана анын тарапташтарынын иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда соттук угуу болгон. Ага УКМКнын мурдагы төрагасы келген эмес. 28-майда болгон отурумга Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нарланбек Тургунбек уулу катышкан. 1-июнда дагы соттук отурум болгон.
9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. 11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмилбек Узакбаев жана Бекболот Талгарбеков кармалышкан. Кармалган 5 адам "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыпталууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















