Британияда жеткирүү кызматы гол үчүн акча кайтармай болду
Улуу Британиядагы азык-түлүк жеткирүү кызматы 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна карата өзгөчө акция жарыялады.
Ага ылайык, кардарлар матч учурунда тамак-ашка буйрутма берип, жеткирүү маалында гол кирсе, төлөгөн акчасынын бир бөлүгүн же толугу менен кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Бул демилге социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, көптөгөн колдонуучулар акцияны кызыктуу маркетингдик кадам катары баалашууда.
Айрым күйөрмандар тамашалап, Португалиянын оюндарында буйрутма берүүнү сунушташса, башкалары VAR пенальтини текшерип жаткан учурда шашылыш заказ кылууга даяр экенин жазышкан.
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 11-июнда АКШ, Канада жана Мексикада старт алат. Адистер турнирдин тайпалык баскычында эле 200дөн ашуун гол кириши мүмкүн экенин болжолдошууда.
Эгер акция ийгиликтүү болсо, футбол сүйүүчүлөрү үчүн оюн көрүү дагы да кызыктуу болуп калышы мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















