Ысык-Көлдөгү селден бир жаран каза болду
Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымында кечээ селдин кесепетинен 1 Мерседец спринтер, 1 Форд мандео унааларын жана 2 жаранды таш аралаш ылай басып калган.
ӨКМдин Ысык-Көлдөгү башкармалыгы билдиргендей, куткаруу ишине жалпы 291 адам тартылган.
Издөөнүн натыйжасында 5-июнда түнкү саат 23:35те 18 жаштагы жарандын сөөгү табылган. Ал эми экинчи адамды издөө иштери уланууда.
Маалым болгондой, селдин кесепетинен жабылган Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу бүгүн түнү эки тараптуу ачылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















