Жаныбек Кубандыков үй камагына чыкты
Бишкектин Ленин райондук соту өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык жасоого шектелген Жаныбек Кубандыковду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат кызматы маалымдады.
Андагы маалыматка ылайык, Кубандыковдун баш коргоо чарасы 6-июнда өзгөртүлгөн. Ал 17-июлга чейин үй камагына чыгарылды.
Эске салсак, УКМК 22-майда Жаныбек Кубандыков алдамчылыкка шектелип кармалганын маалымдаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















