Ошто коомдук тартипти бузган жаран коомдук ишке тартылды
Ош облусунда чогулушта коомдук тартипти бузган жаран 30 саат коомдук жумушка тартылды. Бул тууралуу 7-июнда облустук милиция билдирди.Маалыматка ылайык, ал жаран облус башчысы Аманкан Кенжебаев Папан айыл аймагынын тургундары менен жолугушуп жатканда коомдук тартипти бузуп, тургундарга тоскоолдук жараткан.
Кара-Суу райондук соту аталган жаранды Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, 30 саатка коомдук жумушка тартуу чечимин чыгарды.
Ал мас абалда экендиги аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















