Америкалык учак Иранды көздөй багыт алган танкерге ок чыгарды
АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) маалыматына ылайык, Оман булуңунда Иранды көздөй багыт алган Палау желеги астындагы M/T Marivex мунай ташуучу танкери токтотулган.
Билдирүүдө айтылгандай, танкер эл аралык суулар аркылуу сүзүп бара жаткан учурда экипаж АКШ аскерлеринин көрсөтмөлөрүн аткарган эмес. Натыйжада, АКШнын F/A-18 Super Hornet согуштук учагы Abraham Lincoln авианосецинен көтөрүлүп чыгып, кеменин кыймылдаткыч жана башкаруу бөлүктөрүнө так сокку урган.
CENTCOM бул аракеттин натыйжасында танкер кыймылсыз абалга келтирилгенин билдирген.
Ал эми Индиянын Омандагы элчилиги Оман бийлигине танкердеги 24 экипаж мүчөсүнүн баарын аман-эсен куткарууга көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:14
2026-06-08
16:35
2026-06-08
15:45
2026-06-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















