Ирандын "Хатам аль-Анбия" штабы АКШ Ормуз кысыгынын аймагына сокку ургандан кийин кысыкты жабуу чечимин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Аймактагы коопсуздуктун жоктугуна байланыштуу ушул учурдан тартып Ормуз кысыгы бардык кемелер үчүн жабылды. Анын ичинде мунай ташыган танкерлерге жана соода кемелерине өтүүгө тыюу салынат. Кысыктан өтүүгө жасалган бардык аракеттер токтотулат",- деп билдирүү тараткан штаб.
Бул эскертүүдөн кийин Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгы аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган эки кемеге сокку урганын маалымдаган.
Буга чейин АКШнын Борбордук командачылыгы президент
Дональд Трамптын буйругу менен Ирандагы бир катар объекттерге соккулар жасалганын билдирген. Чабуулдардан Ирандын түштүк аймактары жабыркаган. Бул кырдаалга байланыштуу Кувейт аба мейкиндигин убактылуу жапканын
жарыялаган.