super.kg logo

Иран куткаруучулары толук даярдык режимине өткөрүлдү

 

АКШ тарабынан жаңы соккулар жасалышы мүмкүн деген коркунучтан улам Ирандын куткаруу кызматтары толук даярдык абалына өткөрүлдү. Бул тууралуу Ирандын Кызыл Жарым Ай коому жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча куткаруучу топтор аба соккуларынын кайрадан уланышы мүмкүн деген жагдайга байланыштуу өзгөчө даярдыкта турушат.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык күчтөр Ирандын Харг аралын көзөмөлгө ала аларын айтып, жумага караган түнү Иранга карата «абдан күчтүү соккулар» жасаларын билдирген. Ошол эле учурда Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүүлөр уланууда.

Эске салсак, АКШ жана Израил быйыл 28-февралдан тарта Ирандагы бир катар объектилерге сокку урган. Апрель айында тараптар ок атышууну токтотуу боюнча макулдашканын жарыялаганы менен, айрым учурларда өз ара чабуулдар дагы эле катталууда.

Учурда Иран менен АКШ сүйлөшүүлөр аркылуу өз ара түшүнүшүү боюнча алкактык меморандумду макулдашууга аракет кылып жатышат. Бирок аймактагы чыңалуу толук басаңдай элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: