Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу берилбейт
Эртең, 16-июнда саат 10:00дөн 13:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат.
Калаа мэриясы мындай чектөө “Запад-2” суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу киргизилгенин билдирди.
Өчүрүү аймагы:
- Ала-Арча суусу – темир жол линиясы – Жибек-Жолу проспекти – Жаш Гвардия бульвары;
- Жаш Гвардия бульвары – темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас проспекти;
- Дэн Сяопин проспекти – Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев көчөсү – Кулиев көчөсү – Москва көчөсү – Пишпек көчөсү – Фучик көчөсү – Казаков көчөсү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2026-06-16
13:08
2026-06-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















