Кыргызстан Бонн конференциясында тоо өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоду
Германиянын Бонн шаарында өткөн климаттык конференцияда Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча демилгелерин сунуштады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын делегациясын Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектеп, тоолуу аймактардын климаттык өзгөрүүлөргө байланышкан көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырды.
12-июнда Кыргызстандын демилгеси менен Тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык диалог өтүп, ага 30дан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Жыйында мөңгүлөрдү сактоо, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү, тоолуу жамааттарды колдоо жана климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле Кыргызстан тоолуу өлкөлөр үчүн атайын каржылык механизмдерди түзүү жана климаттык тобокелдиктерди азайтуу боюнча сунуштарын билдирди.
Мындан сырткары, Кыргыз-Корея климаттын өзгөрүшү боюнча биргелешкен комитетинин алгачкы жыйыны өтүп, кайра жаралуучу энергия жана парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча кызматташтык маселелери каралды.
Конференциянын алкагында Кыргызстан эл аралык өнөктөштөргө «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык Тоо саммити тууралуу маалымат берип, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташууга чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















