Бишкекте сейсмоизоляциялык компоненттерди чыгаруучу биринчи заводдун курулушу башталды
Бүгүн, 15-июнда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкекте сейсмоизоляциялык компоненттерди чыгаруучу алгачкы заводдун курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Курулуш министрлиги менен Nanjing Dade Technology Co. Ltd. компаниясынын ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду.
Министр сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана курулуш тармагына заманбап технологияларды киргизүү мамлекеттин негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.
Жаңы завод Бишкек шаарындагы Валиханов көчөсү, 2 дарегинде курулат. Долбоор боюнча анын жалпы аянты 6222 чарчы метрди түзөт.
Завод пайдаланууга берилгенден кийин имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуучу заманбап сейсмоизоляциялык компоненттерди өндүрөт. Бул импортко болгон көз карандылыкты азайтып, курулуш тармагына жаңы технологияларды киргизүүгө жана өлкөдөгү сейсмикалык коопсуздукту бекемдөөгө шарт түзөт.
Иш-чаранын соңунда министр аталган аймактагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясынын иши менен таанышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















