Ош шаарында Абакир уулу Төрөбек көчөсү пайдаланууга берилди
15-июнда Ош шаарында Абакир уулу Төрөбек көчөсүнүн расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ошондой эле шаар башчысы көчөдө жайгашкан №33, №35 жана №37 көп кабаттуу үйлөрдө жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышты. Үйлөрдүн сырткы фасаддары мэриянын кош каржылоо долбоорунун алкагында жаңыланып, сырдалып, жашоочулар үчүн унаа токтотуучу жайлар уюштурулду.
Мындан сырткары, көчө аркылуу өткөн Увам каналынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, учурда аймак тосмолонуп, тротуар төшөө иштери жүрүп жатат. Келечекте бул жер жашыл аймакка айландырылат.
Бул иштер шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:45
2026-06-15
21:40
2026-06-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















