Жогорку Кеңештин тармактык комитети Ысык-Көлдөгү айыл чарба долбоорлорун жеринде көрдү
Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйындын алкагында айыл чарба жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир катар долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Комитет төрагасы Кубанычбек Самаков баштаган депутаттар алгач Жети-Өгүз районундагы «Ак-Жалга» сүттү кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгүн көрүп, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.
Андан соң эл өкүлдөрү Кара-Булуң участкасындагы инвестициялык долбоорлор менен таанышып, гилас бактарын кеңейтүү жана 105 гектар аянтта заманбап логистикалык борбор куруу демилгелерин карашты.
Көчмө жыйын Түп районунда уланып, депутаттар Түп айылындагы таза суу жана саркынды сууларды тазалоо тутумдарынын курулушун, ошондой эле Түп дарыясынын жээктерин бекемдөө иштерин көрүп чыгышты.
Мындан тышкары Ичке-Суу айылындагы кулпунай өстүрүүчү чарба жана Михайловка айылындагы чычырканак өстүрүүчү чарбалардын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Жергиликтүү ишкерлер логистикалык борборлорду куруу, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана жеңилдетилген каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү маселелерин көтөрүштү.
Жолугушуулардын жыйынтыгында депутаттар айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча сунуштарын билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















