Футбол-2026: АКШ Уругвайдын курамасын да катуу текшерүүгө алды (видео)
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн АКШга барган Уругвай курамасы күчөтүлгөн текшерүүгө дуушар болду.
Чет элдик басылмадар билдиргендей, футболчуларды катарга тизип, жүктөрүн текшерүүгө алып, атайын кызматтын издөөчү ити да колдонулган. Команда Флоридага бир нече саат кечигип жетишкени маалыматта кошумчаланды.
Уругвай футбол федерациясы ФИФАнын Мексикадан АКШга уча турган каттамы өз убагында уруксат албаганы кечигүүгө себеп болгонун билдирди.
Эскерте кетсек, АКШ буга чейин Өзбекстандын жана Синегалдын оюнчуларын катуу текшерүүгө алган. Өзбек бийлиги себебин түшүндүрүү үчүн кат да жолдогон.
Футбол-2026: АКШ Уругвайдын курамасын да катуу текшерүүгө алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:20
2026-06-16
11:43
2026-06-16
23:26
2026-06-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















