Футбол-2026: Биринчи айлампада Швеция Тунисти ишенимдүү жеңди
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун F тайпасындагы биринчи айлампада Швеция курамасы Тунисти 5:1 эсебинде жеңди.
Оюндун 7-мүнөтүндө Ясин Аяри эсепти ачты. 30-мүнөттө Александер Исак айырмаланып, Швециянын артыкчылыгын күчөттү. Тунистин оюнчусу Омар Рекик биринчи таймдын аягында бир гол киргизип жооп кайтарды.
Экинчи таймда Виктор Дьёкереш 59-мүнөттө үчүнчү голду киргизди. Оюндун соңунда Швеция дагы эки жолу ийгиликке жетип, Маттиас Сванберг жана Аяринин экинчи ирет киргизген голу менен жыйынтыкталды.
Беттеш Мексиканын Гуадалупе шаарындагы "BBVA" стадионунда өттү.
Эскерте кетсек, ушул эле тайпадагы биринчи турдун алкагында Нидерланд менен Япония 2:2 эсебинде тең ойноду.
2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугу 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Турнирге 48 курама катышып, алар 12 тайпага бөлүнгөн. 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын финалында Аргентина курама командасы Францияны жеңип, учурдагы дүйнө чемпиону болуп саналат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















