super.kg logo

НАТО Ормуз кысыгындагы кеме каттамынын коопсуздугун камсыздоого катышышы мүмкүн

 

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Ормуз кысыгындагы эркин кеме каттамын камсыздоодо альянс роль ойношу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, эгер НАТОнун катышуусу пайдалуу болсо, альянс бул ишке көмөк көрсөтүүгө даяр. Ошол эле учурда, эгер маселени НАТОсуз эле чечүүгө мүмкүн болсо, бул да алгылыктуу вариант экенин белгиледи.

Буга чейин Иран менен АКШ 19-июнда Женевада кол коюла турган меморандум боюнча сүйлөшүүлөр аяктаганын билдиришкен. Иран тараптын маалыматына ылайык, документ ар түрдүү аймактардагы, анын ичинде Ливандагы аскердик аракеттерди токтотууну карайт.

Ошондой эле Ирандын Fars агенттиги маалымдагандай, Тегеран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден 60 күн бою кызмат көрсөтүү үчүн акы албайт. Бирок бул мөөнөт аяктагандан кийин төлөм киргизүүнү пландап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: