Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө айрым өлкөлөргө тыюу салышы мүмкүн
Иран АКШ президенти Дональд Трамптын сунушун колдогон өлкөлөргө жана компанияларга Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө тыюу салышы мүмкүн.
Бул тууралуу Ирандын аскердик командачылыгынын «Хатам аль-Анбия» борбордук штабынын расмий өкүлү Эбрахим Зольфагари журналисттерге билдирген.
Анын айтымында, Иран АКШ көзөмөлүндөгү тоңдурулган ирандык активдерди колдонуу идеясын колдогон мамлекеттерди жана компанияларды эскертүүдө.
«Трамптын тоңдурулган ирандык активдерди пайдалануу боюнча сунушун колдогон бардык өлкөлөргө жана компанияларга эскертебиз: мындан ары Ирандын куралдуу күчтөрү алардын кемелеринин Ормуз кысыгы аркылуу өтүшүнө жол бербейт», — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Дональд Трамп АКШ көзөмөлүндөгү ирандык активдерди Ормуз кысыгындагы кырдаалдан улам кемелерге жана деңиз жүктөрүнө келтирилген мүмкүн болгон чыгымдардын ордун толтурууга колдонуу мүмкүн экенин билдирген.
Ормуз кысыгы — дүйнөдөгү эң маанилүү мунай ташуучу деңиз жолдорунун бири болуп саналат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















