Казакстан күйүүчү майды мыйзамсыз чыгарууга каршы көзөмөлдү күчөтөт
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов өлкөдөгү күйүүчү май рыногундагы абал боюнча жыйын өткөрүп, күйүүчү майды мыйзамсыз сыртка алып чыгууга жол бербөө үчүн мамлекеттик чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.Өлкөнүн Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, мунайды кайра иштетүүчү заводдор штаттык режимде иштеп, ички рынокту толук камсыздап жатат. Учурда бензиндин, дизелдик жана авиациялык күйүүчү майдын запасы 1 миллион тоннадан ашат.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мекемелерге мыйзамсыз ташып чыгуу схемаларына бөгөт коюу, ошондой эле күйүүчү майдын өндүрүшүнө, запасына жана керектөөсүнө туруктуу мониторинг жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















