super.kg logo

Трамп: “Иран азыр АКШга жеңилүүгө даяр”

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга байланыштуу кезектеги кескин билдирүүсүн жасап, Тегеранды “менин көзөмөлүмдө” деп мүнөздөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, Иран учурда оор абалда болуп, Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдө дээрлик бардык маселелер боюнча жеңилдик берүүгө даяр. Трамп ошондой эле акыркы ондогон жылдарда биринчи жолу Иран АКШга жана анын президентине чоң урмат көрсөтүп жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда америкалык лидер Сенаттын Иранга каршы аскердик аракеттерди токтотууга чакырган резолюциясын сынга алды. Анын пикиринде, мындай чечим АКШнын позициясын алсыратуу менен душмандын кызыкчылыгына кызмат кылат.

Белгилей кетсек, Сенат кабыл алган резолюция сунуш мүнөзүндө гана болуп, юридикалык күчкө ээ эмес. Документте Иранга каршы аскердик операциялар Конгресс тарабынан расмий жактырылбаган учурда америкалык аскерлерди согуштук аракеттерден чыгаруу сунушталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: