АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү келерки аптада уланат
АКШ менен Ирандын ортосунда кыска мөөнөткө токтотулган техникалык сүйлөшүүлөр кийинки жумада кайра жанданат. Бул тууралуу Пакистандын тышкы иштер министри Тахир Андраби брифингде билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Белгилей кетсек, тараптардын сүйлөшүүлөрү Пакистан менен Катардын ортомчулугу алдында өтүп жатат.
Анын айтымында, техникалык деңгээлдеги консультациялардын жаңы айлампасы болжол менен шейшемби күнү өтөт. Ал бул сүйлөшүүлөр толугу менен токтогон жок, болгону убактылуу тыныгуу болгонун жана сүйлөшүү процесси мурда жетишилген макулдашууларга ылайык уланып жатканын белгиледи.
Андраби жакынкы апталарда Пакистан менен Катардын техникалык топтору америкалык жана ирандык кесиптештери менен кызматташууну улантарын айтты. Алардын иши Исламабаддагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашырууга багытталган. Бул документ 60 күндүн ичинде акыркы тынчтык келишимин даярдоону карайт.

0

Супер-Инфо
super.kg видео
















