"75чилердин каты". Айыпталуучу Курсан Асанов сотто көрсөтмө берди
"75чилердин каты боюнча соттук отурум Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жабык режимде өттү. Анда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов сотто көрсөтмө берип, күнөөсүн моюндабаганын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.
Анын айтымында, Асанов катка Бекболот Талгарбековдун сунушу менен кол койгонун белгилеген.
Сот отурумуна УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев келди.
Эскерте кетсек, “75чилердин каты” боюнча айыпталып жаткандардын соту 22-июндан тарта кайра жабык өтө баштады. Ташиев, Зулушев жана Тургунбек уулуна "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен тергөө абагында кармалууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















