super.kg logo

"75чилердин каты". Зулушев спикер Маматалиевдин билдирүүлөрү боюна үн катты (видео)

 

"75чилердин каты" боюнча соттук отурум Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жабык режимде өтүп, жыйындан чыккан айыпталуучу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди.

"Баарын процесс бүткөндө угасыңар. Төрага (ред.: Марлен Маматалиев) жок нерсени токуп жатат",- деп кыска гана билдирүү менен чектелди.

Сот отурумуна УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу да келди.

Белгилей кетсек, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Марлен Маматалиев "75чилердин каты" боюнча теманы кайрадан козгоп, парламенттин комитетине чейин жеткен каттын артында саясий кызыкчылыктар турганын билдирген.

Ал эми “75чилердин каты” боюнча айыпталып жаткандардын соту 22-июндан тарта кайра жабык өтө баштады. Ташиев, Зулушев жана Тургунбек уулуна "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.

Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен тергөө абагында кармалууда.

Видео: "Номад" ТВ








Зулушев сапикер Маматалиевдин билдирүүлөрү боюна үн катты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: