super.kg logo

Эммануэль Макрон: "АКШ мындан ары бейтарап ортомчу эмес, Украинаны колдойт"

 

G7 саммитиндеги сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШнын Украинадагы жаңжалга карата мамилеси өзгөрдү. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони менен биргелешкен маалымат жыйынында билдирди.

"АКШ биринчи жолу мындан ары бейтарап ортомчу эмес. АКШ тарап Украинаны колдоочу, аскердик жана энергетикалык жардам көрсөтүүчү жана Орусияга каршы санкцияларды колдоочу документке кол койду",- деп айткан ал.

G7 саммити 15-17-июнь күндөрү Эвиан шаарында өттү. Ага АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Италия, Канада жана Япониянын лидерлери жана Европа биримдигинин жетекчилери катышты. Жолугушууда Орусияга каршы санкциялар, Украинанын энергетика тармагына жардам берүү жана абадан коргонуу каражаттарын жеткирүү маселелери талкууланган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский саммитке Макрондун чакыруусу менен катышып, Дональд Трамп менен сүйлөшүү өткөргөн. Кийинчерээк АКШ лидери бул жолугушууну "мыкты деңгээлде өттү" деп баалаган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: