super.kg logo

Ысык-Көлдө жүргөн сел боюнча акыркы маалыматтар берилди (видео)

 

1-июль күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында нөшөрлүү жаандан улам райондун бир катар айылдарында каналдарга суу батпай, суу каптоо жүрдү.

ӨКМ билдиргендей, жеринде район акими Жапарбек Ормонов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов абалды көзөмөлгө алууда.

"Чолпон-Ата шаарында 1-июль күнү саат 19:35 чамасында жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Биджай кичи районундагы Арал сайында суунун деңгээли көтөрүлүп, "ТНК Бетон" чыгаруучу заводдун аймагын жана жатаканаларын суу каптаган. Суу каптоонун кесепеттерин жоюу максатында жерине ӨКМден жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 7 инженердик техника тартылып, саат 21:30 суунун нугу бурулду. Саат 20:50 чамасында Талас көчөсүндөгү 1 турак үйдүн жертөлөөсүнө суу кирип, куткаруучулар мотопомпа менен сордуруп беришти.
Шаардагы "Арча Макс" конок үйүнүн короосун суу каптап, жерине 6 куткаруучу тартылып, жертөлөөсүнөн суу сордурулуп, кооптуулук жоюлду. Райондун Чок-Тал айылында саат 19:35 чамасында жааган жаандан улам Чок-Тал сайындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сайдын жээгин жеп кеткен. Жерине Шайбек-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн 2 экскаватор тартылды",- деп белгиленди маалыматта.






Ысык-Көлдө жүргөн сел боюнча акыркы маалыматтар берилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: