super.kg logo

Курманбек Дыйканбаев: “Президентти колдоп кол койгом”

 

Сот өкүмү чыккандан кийин Курманбек Дыйканбаев айыптоого байланыштуу оюн айтып, эмне үчүн документке кол койгонун түшүндүрдү.

Мамлекетке кызмат кыла беребиз. Коюлган берене дагы бир ирет каралат болушу керек, ага убакыт керек. 75 адамдын ичинен өзүмдү айтсам, мени чакырышканынан барып кол койгом, андан кийин кетип калгам. Мени менен чогуу барган адам азыр үйүндө, мен болсо беш ай камакта болдум. Юрист эмесмин, президент Садыр Жапаровду колдоп эле кол коюп бергем”, - деди Курманбек Дыйканбаев сот отурумунан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Эске салсак, “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов күнөөлүү деп табылып, ар бири 4 жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле учурда сот алардын жазасын 3 жылдык пробациялык көзөмөл менен алмаштырды.






Сот

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: