super.kg logo

Курсан Асанов: “Менин аракетимде кылмыштын курамы жок”

 

Сот өкүмү чыккандан кийин айыпталуучулардын бири Курсан Асанов журналисттерге комментарий берип, чечимге карата пикирин билдирди.

Менин кылган аракетимде кылмыштын курамы жок. Ошондуктан соттук процесстин ачык өтүшүн талап кылгам. Бүгүнкү чечим мен үчүн күтүүсүз болду. Сегиз айыпталуучунун ичинен жалгыз мен күнөөнү моюнума алган эмесмин. Президент Садыр Жапаровду колдоп, айрым адамдардын сөзүнө ишенип кол койгом”, - деди Курсан Асанов сот отурумунан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Эске салсак, “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов күнөөлүү деп табылып, ар бири 4 жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле учурда сот алардын жазасын 3 жылдык пробациялык көзөмөл менен алмаштырды.






Курсан Асанов

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: