Зеленский Батыш өнөктөштөрүн убадаланган ракеталарды өз убагында бербей жатканы үчүн сынга алды
Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөрүн Украинага убада кылынган ракеталарды өз убагында жеткирбей жатканы үчүн сынга алды. Бул тууралуу украин басылмалары жазды.
Анын айтымында, эгер өнөктөштөр убадаларын өз убагында аткарышканда, абал башкача болмок. Ошол эле учурда Зеленский курал-жарак жеткирүүгө байланышкан деталдарды ачык талкуулабай турганын белгилеп, бул маселени өнөктөштөргө байланыштуу олуттуу көйгөй деп атады.
Буга чейин The New York Times басылмасы Украинада Patriot абадан коргонуу системалары үчүн ракеталардын тартыштыгы күчөгөнүн жазган. Ал эми Зеленский июнь айынын башында украин абадан коргонуу күчтөрү баллистикалык ракеталарды толук тосуп калууда кыйынчылыктар болуп жатканын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:29
2026-07-27
9:25
2026-07-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















