Баткенде чек арачылар баңгизатты мыйзамсыз ташып өтүүгө бөгөт коюшту
Баткенде чек арачылар 16 килограммга жакын баңгизатты мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу 3-июлда Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Лейлекте чек арачылар Арка-2 аймагына караштуу «Мал-Базар» жеринде белгисиз жаранды байкашкан.
Ал жаран Тажикстандан Кыргызстандын аймагына чоң баштыкты ыргытып жиберип, андан кийин кайра коңшу өлкөнүн аймагына качып кеткен. Баштыктын ичинен 1000 доллар жана сары түстөгү скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар 16 таңгак табылган.
Алдын ала маалымат боюнча, таңгактардан күрөң түстөгү ооган чарсы (гашиш) баңгизаты чыккан. Анын жалпы салмагы 15,95 килограммды түзгөн.
Баштык тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Баткенде чек арачылар баңгизатты мыйзамсыз ташып өтүүгө бөгөт коюшту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















