Ысык-Атада жүк ташуучу унаа оодарылып кетти (видео)
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 42–43-чакырымында, Ивановка айылынын кире беришинде жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Интернет желесине жол кырсыгынын видеосу тарады.
Анда айдоочу скутер айдаган жигит менен сүзүшүп кетпөө үчүн рулду кескин буруп, унааны башкара албай калганын көрүүгө болот. Натыйжада оор жүк ташуучу унаа капталына оодарылган.
ЖКККББнын маалыматы боюнча жол кырсыгынан жабыркагандар болгон жок. Жүк ташуучу унаа айып короого жеткирилди.
Ысык-Атада жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















